Өзбекстанда чак түштө эле бейтааныш окуучу кызды өпкүлөгөн жаран 10 жылга эркинен ажыратылды

Коңшу Өзбекстандын Ташкент шаарында чак түштө эле окуучу кызды көчөдөн кучактап алып өпкүлөгөн 26 жаштагы жигит 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын 19-апрелинде болгон. Анда окуучу кыз көчөдө кетип бара жаткан маалда Самарканд облусунун 26 жаштагы тургуну артынан келип аны кучактап, андан кийин бетинен өпкүлөп, кыз каршылык көрсөтө баштаганда качып кеткен. Ал полиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Жыйынтыгында ага 18 жашка чыга элек адамды зордуктоого аракет кылган деген айып тагылып, сот аны 10 жылга эркинен ажыратты. Эми ал жазасын түзөтүү колониясында өтөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан