UFC: Хабиб Нурмагомедов миллиардер Илон Маскты машыктыруудан баш тартты 

Жеңил салмактагы UFCнин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов миллиардер Илон Маскты машыктыруудан баш тартты. Илон Маск Марк Цукерберг менен беттешүүгө даярдануу үчүн орусиялык мушкерге кайрылган.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги Нурмагомедовдун командасынын өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди.

"Хабиб принципиалдуу түрдө баш тартты. Ал машыктыруучулук жана спорттук карьерасын аяктады, муну эч нерсе өзгөртө албайт. Масктын абалы да эч кандай роль ойнобойт. Хабибге дайыма машыктыруучу болуу жана спортко кайтып келүү сунуштары түшүп турат, бирок ал кайтпайт", - деп билдирди ТАСС маалымат агенттиги булакка шилтеме жасап.

Дүйнөдөгү эң популярдуу эки социалдык түйүнгө ээлик кылган миллиардерлер Илон Маск өзүнүн каршылашын планетадагы бардык маалымат мейкиндигин өз көзөмөлүнө алгысы келет деп айыптап, аны күрөшкө чакырып, Марк Цукерберг чакырыкты кабыл алган.

Андан көп өтпөй UFCнин президенти Дана Уайт эки миллиардер тең мүмкүн болушунча урушка даяр экенин жана дүйнөнүн эң күчтүү лигасында беттешүүгө оозеки макулдугун бергенин жарыялады.

Ошол эле учурда Маск буга чейин легендарлуу Жорж Сен-Пьер менен машыгууга жетишкен, ал эми Цукербергдин мушташуу чеберчилигин UFC чемпиондору Израиль Адесанья менен Алекс Волкановски жеке өзү текшерген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан