Кечээ, 9-августта Казакстандын Орал облусунда пенсионерди өлтүргөн деген шек менен төрт баланын энеси соттолду. Шектүүгө 16 жыл эркинен ажыратуу өкүмү чыкканын Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 9-мартына Зачаганск айылындагы жеке үйлөрдүн биринде 72 жаштагы аялдын жансыз денеси зомбулуктун белгилери менен табылган. Кылмыш болгон жерден алтын буюмдардын, сөйкөлөрдүн жана нике шакегинин жоголгону аныкталган. Апрель айында адам өлтүрүүгө шектелип 35 жаштагы аял кармалган. Анын үйүнөн полиция кызматы кан болгон кийимдерди, бычак жана башка далилдерди табышкан.
Белгилүү болгондой, 2022-жылдын август айында пенсионерди өлтүрүүгө шектелген жаран тергөө абагында төртүнчү баласын төрөгөн. Андан соң аялдын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, соттук териштирүүгө чейин үй камагына чыгарылган.
Кечээ, 9-августта аял Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" жана 192-беренеси "Турак жайга мыйзамсыз кирүү менен тоноо" боюнча күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле соттолгон адам каза болгон пенсионердин жакындарына 10 миллион теңге өлчөмүндө моралдык компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилген. Соттолуучу сот залында камакка алынган.
Бирок соттун мындай чечимине айыпталуучунун өзү жана анын жактоочулары каршы.