Италиянын Сицилия аралындагы Этна тоосу ойгонду. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, Италиянын Улуттук геофизика жана вулканология институту жанар тоонун түштүк-чыгыш чокусунда 3 миң метрден ашык бийиктикте атылышын каттады.
"Лава агымын жергиликтүү тургундар көрүшкөн. Кийинки сааттарда Этна активдүүлүгү төмөндөй баштады. Бирок Сицилиядагы күл жана түтүндөн улам Катания шаарындагы аэропорттун иши убактылуу токтотулган", - деп айтылат маалыматта.