УКМК "Ак-Тилек авто жол" өткөрүү жайындагы унаалардын топтолушу боюнча билдирүү таратты

Бүгүн, 21-августта “Ак-Тилек авто жол” өткөрүү жайы алдында жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, саат 18:30га карата Кыргызстандан чыгуу үчүн мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн кезекте турган 370ке жакын унаа бар.

"Учурда Кыргызстандын Чүй тилкесиндеги чек ара өкүлдөрү унаалардын жай өтүшүнүн себептери боюнча казак өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүү маселесин карап жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, саат 09:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта казак тарап 3 унааны өткөргөн.

Белгилей кетсек, УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан эч кандай чектөө киргизилген эмес жана өткөрүү пункттары күнүмдүк режимде иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2023-08-21 20:17:00
Казактар сууну шылтоолоп эми ушинте беришет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан