Депутаттык мандатынан ажыраган Өмүрбек Бакировдун суракка чакырылганы белгилүү болду
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакиров 29-августтун кечинде Ош облустук милициясына сурак берип чыкты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 30-августта SUPER.KG порталына өзү ырастады.
Бакиров 2021-жылдагы шайлоодогу добуш сатып алуу ишинин негизинде сурак бергенин жана коюлган айыптар менен макул эмес экенин айтты. Ал кечээ төрт саатка жакын сурак бергенин жана бүгүн дагы чакырарын айтышканын кошумчалады.
Ош облустук милициясы бул боюнча комментарий бере элек.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-августта Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.
18-августта Жогорку Сот Өмүрбек Бакиров шайланып келген Оштун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
Эске салсак, былтыр 14-декабрда Бишкек шаардык административдик соту Бакировдун депутаттык мандат алуусунун мыйзамдуулугун кароо чечимин чыгарганы маалым болгон. Буга Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер, Бакировдун атаандашы Равшан Рысбаевдин БШКнын 2021-жылдагы чечимин жокко чыгаруу боюнча сотко арыз менен кайрылганы себеп болгон.
2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо Көк-Жар округунан Өмүрбек Бакиров жеңип чыккан. Шайлоого жалпы жети талапкер, анын ичинде экс-депутат Равшанбек Рысбаев да катышкан. Рысбаев шайлоо өткөндөн бир жылдан кийин 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Бакировдун шайлоодо добуш сатып алганын айтып, анын мандатын жокко чыгарууну талап кылган.
Депутат Бакиров былтыр декабрда SUPER.KG порталына берген комментарийинде соттун Рысбаевдин арызын кароону канааттандырып койгонун "мыйзамсыз" деп сыпаттап, бийликбул аракет менен мындан ары өздөрүнө жакпаган кайсы депутатты гана болбосун мандатынан ажыратып коюуга жол ачып жатканын белгилеген.
Анын айтымында, Шайлоо кодекси боюнча шайлоо учурундагы талаштуу маселелер, арыздар үч күн ичинде каралышы керек. Бакиров бир жылдай убакыт өткөндөн кийин иштин кайрадан көтөрүлүп чыкканын өзүнүн Кемпир-Абад маселеси боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.
Өмүрбек Бакиров атаандашы Рысбаев шайлоо учурунда дагы арызданганын, бирок анда үч станцияга чейин жетип, Жогорку Сот акыркы чекитти койгонун билдирген. Бакировдун айтымында, сотто добуш сатып алуу далилденген эмес. Ошонун негизинде БШК мандат берген.
2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Өмүрбек Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Эртеси ЖКнын чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы аны кабинетинен чыгарып салган.
Бакиров май айында SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда ал окуя боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия президенттин иш башкармалыгынын мындай аракетин "туура эмес" деп таап, корутундуну Башкы прокуратурага жөнөткөнүн билдирген.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.