Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдык мааракесине карата парламентте салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн, 14-сентябрда Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдык мааракесине карата парламентте салтанаттуу иш-чара өттү. Анда депутаттарга Эркебаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма көрсөтүштү.

Жыйынга эл өкүлдөрүнөн сырткары Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов баштаган бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө вице-премьер-министр Эдил Байсалов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун куттуктоосун жеткирди.

Жыйындын катышуучулары Кыргызстандагы адабиятты, журналистиканы, парламентаризмди жана илимди өнүктүрүүдө сиңирген эмгегин баса белгилешти.

Төрага Нурланбек Шакиев парламентте улуу инсандардын маарекелик иш-чараларын уюштуруу салтка айланганын, мындай саамалыкты дагы да улантуу керек экендигин айтты.

Коомдук ишмер, сынчы, адабиятчы Абдыганы Эркебаев 1953-жылы Оштун Чоң-Алай районунда туулган. 1995-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланып, 1997-жылдан 2000-жылга чейин мыйзам чыгаруу жыйынынын төргасы болуп иштеген.

1991-жылы маалымат министри болгон. Ал эми 2012-жылдан 2017-жылга чейин Илимдер академиясынын президенти болуп эмгектенген. 2019-жылдан тартып Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы болуп эмгектенип келет.

Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдык мааракесине карата парламентте салтанаттуу иш-чара өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан