Түркияда ичинде үч кыргызстандык болгон өрт өчүрүүчү тик учак кырсыктаганын ЖМКлар жазып чыкты. Маалыматты бүгүн, 17-сентябрда Тышкы иштер министрлиги ырастады.
Ага ылайык, Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жерде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак кырсыкка учурап, "Тахталы" суу сактагычына кулап түшкөн. Кырсык кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө катталган.
“Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта төрт адам болгон. Алардын үчөө Кыргызстандын жараны. Учурда бир кыргызстандык ооруканада, калган жарандар боюнча издөө иштери уланууда. Башкы консулдуктун кызматкерлери окуя болгон жерге кырсыктын чоо-жайын тактап, Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү максатында жолго чыгышты”, - деп билдирди мекеме.
Маалым болгондой, Измир провинциясындагы токойдо өрт чыгып, аны тик учактын жардамы менен өчүрүп жатышкан. Түркиянын айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы учак “Тахталы” суу сактагычынан суу алып жатканда кулаганын билдирген. Кыргыз жарандары ал жакта учкуч кызматында келишимдик негизде иштеп жүргөн деген маалымат айтылууда.