Түркиянын Мендерес аймагында тик учак менен кырсыкка кабылып каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү өлкөгө келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
"Министрлик Измир провинциясынын Мендерес аймагында тик учактын кулашынан каза болгон Кыргызстандын жарандарынын сөөктөрүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыкты.
Бүгүн, 20-сентябрда каза болгондордун сөөктөрү Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти министрликтен.
Эскерте кетсек, кырсык 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө орун алган. Кыргыз жарандары ал жакта учкуч кызматында келишимдик негизде иштеп жүргөн.
Кырсыкка кабылган тик учакты башкарып бараткан кыргызстандыктардын экөө учкуч, бирөө бортмеханик болгон.
Учкучтардын бири чөгүп бараткан тик учактан өз алдынча чыгып, жээкке сүзүп барган. Ал азыр ооруканада жатат, абалы туруктуу.