"Койдун терисин шылыгандай шылыптыр". Селекциядагы үрөй учурган окуя боюнча күбөлөр үн катты (видео)

Бүгүн, 20-сентябрда Чүйдө аялынын бети-башын кескилеп салган шектүү кармалганын облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришкен.

Кылмышка шектүү 1984-жылы туулган Э.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылган. Жабыркаган келин оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган болчу. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги аялдын абалы боюнча билдирүү таратып, ага операция жасалып жатканын билдирген.

SUPER.KG медиа порталы окуя болгон жерге барып, анын чоо-жайын билип келген. Анда кошуналары күйөөсү аялынын мурдун толугу менен кесип салганын айтышты. Милиция кызматкерлерин жана "Тез жардам" кызматын кошунасы чакырган.

"Милицияны да, "Тез жардам" кызматын да мен чакырдым. Ызы-чуудан улам 6:55тер чамасында чочуп ойгонуп кетиптирмин. Милиция күйөөсүн алып кеткенден кийин, "Тез жардам" кызматын чакырып коюп, үйүнө кирдим. Мурдун, кулагын кесип алып салыптыр, бети да кескиленген. Койдун терисин шылыгандай шылыптыр. Мыкаачылык менен эрмектеген. Келин байкуш сүйлөй албайт. 4-класста окуган баласы да калтырап-титиреп, сүйлөй албай калыптыр. Аны үйүмө алып түштүм. Милиция кызматкерлери зөөкүрдү алып барып камап, кайра келсе да "Тез жардам" кызматы келген жок. Көпкө күттүк", - деди кошунасы.

Ал кошумчалагандай, жабыркаган келин менен кармалган шектүү чогуу жашаган эмес. Алар сот аркылуу ажырашкан. Бирок кармалган жаран аны коркутуп келген. Алардын ортосунда 2 баласы бар.

Толугу менен төмөндөгү видеодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан