Европанын дагы бир өлкөсүндө орус номуру тагылган унаалардын кирүүсүнө тыюу салынды

Норвегия 3-октябрдан тарта салонунда тогуз же андан аз орундуу орус номурлуу жеңил унааларды киргизүүгө тыюу салат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Тыюу Евробиримдиктин жана Орусияда туруктуу жашаган Норвегиянын жарандарына таандык унааларды камтыбайт. Чектөөлөр дипломатиялык транспортко жана эл аралык уюмдарга тиешелүү автоунааларга да тиешелүү эмес. Мындан тышкары, орусиялыктар да үй-бүлөлүк өзгөчө кырдаалдарда, мисалы, сөөк коюу зыйнатына баруу учурунда Норвегиянын Орусия менен чек арасынан автоунаа менен өтө алышат.

Буга чейин Эстония, Латвия, Литва, Финляндия жана Польша Еврокомиссиянын тиешелүү түшүндүрмөсүнө таянып, Орусиядан жеңил унааларды киргизүүгө тыюу салышкан. Айрыкча Финляндия Норвегия менен чек арасына орусиялык автоунаалардын бул өлкө аркылуу киришин токтотуу үчүн күнү-түнү көзөмөл киргизди.

Орусия менен Норвегиянын чек арасынын узундугу 200 чакырымдай.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан