Армения Азербайжанды БУУнун сотуна берди

Армения Тоолуу Карабахтагы кырдаалга байланыштуу Гаагадагы Эл аралык сотко Азербайжанга каршы доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Доо арызда Азербайжан “Тоолуу Карабахтан калган этникалык армяндарды көчүрүү боюнча аракеттерди жасоодон” баш тартуусу жана “Тоолуу Карабахтын саясий өкүлдөрүнө жана аскер кызматкерлерине каршы жазалоочу аракеттерден” баш тартуусу керектиги айтылат.

Армения ошондой эле соттон Илхам Алиевдин өкмөтүн Тоолуу Карабактын бийлиги чыгарган жарандык абалдын актыларын мыйзамдуу деп таанууга милдеттендирүүнү суранып, аймактагы армян маданий мурастарынын эстеликтерин бузууга тыюу салууну талап кылууда.

Эске салсак, 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабахта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында “жергиликтүү антитеррордук чаралар” башталганын жарыялаган.

20-сентябрда Тоолуу Карабах ок атууну токтотуу жана куралдарын таштай турганын билдирип, Азербайжан бийлигин республикада “борбордук” деп эсептей турганын жана Баку менен конструктивдүү диалог курууга ниеттенип жатканын маалымдаган.

Бул кырдаалдан натыйжасында Армениянын борборунда 19-сентябрдан бери нааразычылык акциялары уюштурулду. Тургундар премьер-министр Никол Пашиняндын Тоолуу Карабахты Азербайжанга өткөрүп берди деп айыптап, анын кызматтан кетишин талап кылуу менен көчөлөрдү жаап салган.

27-сентябрда Арменияга Тоолуу Карабахтан 42 миңден ашык адам жер которгону маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Убактынчалуу
2023-10-01 02:16:00
Ии
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан