Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келе турган күнү такталып, даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу журналисттерге орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
"Кыргызстанга сапардын датасы аныкталды, даярдыктар жүрүп жатат. Биз да аны өз убагында жарыялайбыз", - деди Песков журналисттерге.
Владимир Путин Кыргызстанга 12-октябрда келиши мүмкүн. 13-октябрда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги саммити өтөт.