Мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушуна "ак же көк" дебей койгон депутаттар эмне дейт? (Видео)

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Анда каттоодон өткөн 80 депутаттын 66сы "макул", сегизи "каршы" добуш берген. Ал эми дагы 6 эл өкүлү добуш берген эмес.

Добуш берүү аяктагандан кийин депутат Мирлан Самыйкожо анын компьютеринен туунун өзгөртүлүшүнө "макул" деп добуш берилгенин, ким кылса дагы жооп бериши керектигин айтып чыккан.

SUPER.KG порталы каттоодон өтүп, бирок добуш бербей калган депутаттардан эмне себептен позициясын билдирбей койгондугун сурап көрдү.

Эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков добуш берүүгө үлгүрбөй калганын билдирди.

"Себеби жөпжөнөкөй. Мен суроо берүү үчүн 29унчу болуп жазылгам. Убакыт бар болчу. Бул жакка Гепатит А менен ооругандар келип калыптыр. Аларга жолуга коёюн деп чыгып кеткем. Келгиче бүтүрүп коюшуптур. Кызуу талкуу болуп жатканда бирөө чыга калып "Талкуулабай эле кабыл алалы" дейт, анан добушка коюп эле маселе чечилип калууда. Бул жакшы эмес. Абдан өкүнүчтүү болду. Мен үлгүрбөй калдым", - деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал тууну өзгөртүүгө каршы экенин белгиледи.

Ал эми депутат Эрулан Кокулов иш бөлмөсүндө шайлоочулары менен жолугуп жатканда күтүүсүздөн талкуу кыскартылып, добушка коюлуп кеткенин билдирди.

"Жетишпей калдым. Кабинетимде эл бар болчу. Мен суроо берүү үчүн жазылгам. Бирок депутаттар адаттагыдай суроо-жооптуу кыскартып, добуш берүүгө өтүп кетиптир", - деди эл өкүлү.

Кадырбеков менен Кокулов буга чейин мамлекеттик тууну өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок экенин белгилеп, каршы пикирин билдирген.

Мындан сырткары каттоодон өтүп бирок добуш бербей койгон Айгүл Айдарова, Султанбай Айжигитов, Талант Мамытов, Бакыт Тентишевге жолугууга мүмкүн болгон жок.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорун талкуулоого 30дай депутат жазылган, бирок беш-алтоо сүйлөгөндөн кийин №35 бир мандаттуу Ак-Суу шайлоо округунан депутат Акылбек Түмөнбаев талкууга чектөө коюп, талкуусуз эле кабыл алуу сунушун берген. Жыйынтыгында көпчүлүк депутаттар анын сунушун колдоп добуш берүүгө өтүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан