Мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетине экинчи окууга киргизилди. Документ комитеттин эртең, 19-декабрдагы жыйынында каралат.
Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, 28-сентябрда коомдук талкууга коюшкан.
Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылган.
Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирип, залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранды.
Белгилей кетсек, тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык баш аламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасаган деп айыпталып кармалып, эки айга камакка алынды.
Социалдык тармактын колдонуучулары желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип, флешмоб өткөрүп жатышат. Жарандар “желегимди жерибе”, “тууга тийбе” деген постторду жарыялап, Садыр Жапаровдун социалдык тармактагы расмий баракчасынын алдына да пикирлерин жазышууда.