Бишкектеги борбордук аянтта жаңыланган туу илинди (сүрөт)

Бишкектеги борбодук “Ала-Тоо” аянтына жаңыланган туу илинди. Мамлекеттик тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам расмий 2023-жылдын 26-декабрынан тарта күчүнө кирген.
Президент Садыр Жапаров аталган мыйзамга 22-декабрда кол койгон. Ага ылайык, мындан ары Кыргызстандын туусундагы түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түз тийген формада желбирейт.
Желектин элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, 28-сентябрда коомдук талкууга коюшкан. Бул демилге коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, көпчүлүк эл тууну өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыгышкан. Аны Жогорку Кеңеш 20-декабрда экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан