Министрлер кабинети жаңы кабыл алынган туунун техникалык өзгөчөлүгүн бекитти. Бул тууралуу токтом “Эркин-Тоо” гезитинин 9-январдагы санына жарыяланды.
Анда токтомго былтыр 29-декабрда кол коюлганы жазылган. Документте туунун элементтеринин пропорциялык катышы чийме аркылуу көрсөтүлгөн. Ошондой эле символдо колдонулган түстөрдүн коддору жазылган.
Кечээ Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында жаңы кабыл алынган тууну көтөрүү иш-чарасы болуп, анда Жогорку Кеңеш кабыл алган желек илинген.
Эске салсак, 1-январда “Ала-Тоо” аянтына жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына жаңы туу илинген. Желекти алмаштырууда эч кандай расмий иш-чара уюштурулган эмес. Ал Жогорку Кеңеш кабыл алган туудан башкача болчу. Анда туунун нурлары түз болуп, түндүккө бириктирилген.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков “туунун жаңы вариантын Жогорку Кеңеш кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” билдирген.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кечээ “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко 1-январда такталбаган, толук кароодон өтпөгөн туу илинип калганын билдирди.
Өкмөт да, Дайырбек Орунбеков да “Ала-Тоо” аянтына 1-январда илинген туу кимдин чечими, кайсы токтом менен кабыл алынганы тууралуу түшүндүрмө бере элек.
Мамлекеттик тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам расмий 2023-жылдын 26-декабрынан тарта күчүнө кирген. Президент Садыр Жапаров аталган мыйзамга 22-декабрда кол койгон. Ага ылайык, мындан ары Кыргызстандын туусундагы түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түндүктөн ажыратылган абалда, түз тийген формада желбирейт.