"Аларды эл ээрчибейт". Садыр Жапаров Имамидин Ташов боюнча пикирин билдирди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги маегин берди. Анда ал учурда коомчулукта кызуу талкуу жараткан бир катар окуяларга токтолду. Арасында издөөдө жүргөн ишкер, "KG групп" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов менен өлкөдөн качып кеткен жарандык активист Тилекмат Куренов тууралуу айткан пикири дагы бар.

"Булар экөө эле эмес, артында башка топтор да бар. Бирок аларды эл ээрчибейт. Артында масса жок. Ал топтор булардын артына жашынып алып, шыкактап олтурушат. Булардын баары бийлик эңсеген же мурда “чоң акырдан жем жеп” жүрүп, биз келгенден кийин жей албай калган шылуундар. Тагыраагы, мурда казынадан уурдап байып жүргөндөр же миллиарддаган салыктарды жашырып, чөнтөктөрүн кампайтып келгендер.

Мен “Дордойго” барганда ушулар жөнүндө айттым эле. ККМге каршы чыккандар “арабызда андайлар жок” деп кыйкырып чыгышкан. ККМге каршыбыз деп чыккан элдин ою таза. Эптеп өз көйгөйүбүздү айтып, чечип алалы деп ак ниеттери менен чыгышкан. Арасында мындай арам ойлуулардын бар экенин алар кайдан билсин. “Биз да ККМге каршыбыз, баланча базарда иштейм, түкүнчө базарда иштейм” деп алардын арасына кирип алып, лидер боло калышып, максималдуу түрдө чогулгула дешип, эптеп эл массасын чогултуу, анан баш аламандык уюштуруп, элдин арасынан беш-алтоону аркасынан атып же жардыруучу зат колдонуп, бир нече киши өлүп кетсе, анан “мына бийлик атты, бийлик өлтүрдү” деп кыйкырып чыгабыз, ошону менен жалпы эл көтөрүлүп кетет деген пландары да бар.

Булардын арам ойлору укмуш экен. Бирок биз алардын мындай арам максаттарына жол бербейбиз. Биз да уктап олтурган жокпуз да. Көпчүлүк эл бизге мамлекеттин жана өз тагдырын ишенип бергенден кийин, караламан калктын ишеничин акташыбыз керек.

Тилекмат Куренов кайра эле “биз көппүз, Ташов экөөбүз эле эмеспиз” деп бет тырмачылык кылып жатат", - деди Садыр Жапаров.

Эске салсак, ушул жылы 9-январда социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун видео кайрылуусу жарыяланган. Анда ишкер былтыр УКМКнын кызматкерлери эркине каршы уурдап кетип, 8 күн белгисиз жайда кармап отурганын жана алар 100 миллион сом талап кылганын айткан. Бирок атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте мындай айыптоону четке кагып, Ташовго издөө жарыяланганын билдирген.

Кошумчалай кетсек, Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалганын былтыркы жылдын 27-октябрында УКМК кабарлаган.

8-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны келтирилген зыяндын ордун толук толтургандыгы үчүн үй камагына чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан