Тазабек Икрамов журналисттердин суракка алынышы боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов журналисттерге болгон басым-кысымдар эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда ишенбөөчүлүк жаратарын билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 16-январда социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Буга чейин укук коргоо органдары тарабынан “24.kg” маалымат агенттигинин кызматкерлери суракка чакыртылса, бүгүн таң эрте онго жакын журналисттердин “баш аламандык уюштуруу” шеги менен үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүшү жана суракка алынышы өлкөдөгү сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизет. Бул кадам эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда ишенбөөчүлүк жаратат. Укук коргоо органдары мыйзам чегинде иш алып барат деп ишенем", - деди Икрамов.
Буга чейин Ички иштер министрлиги "Айт, айт десе" Ютуб каналынын жана "Темиров лайв" медиасынын кызматкерлерине массалык баш аламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.

"Темиров лайв" медиасынын негиздөөчүсү Болот Темиров 16-январдын таңында медианын учурдагы жана мурдагы бир нече кызматкерлеринин үйүндө тинтүү болуп, ИИМдин тергөө кызматына алып кетишкенин айтты.

Кечээ 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь УКМК сурак берип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан