Бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова 11 журналисттин камакка алынышы боюнча ички иштер министри менен башкы прокурорду кийинки жыйынга чакырып, маалымат алууну сунуштады.
Эл өкүлү Кыргызстанда мындай жапырт камоолор өнөкөткө айланып баратканын айтты.
"Бул массалык камоо болуп эсептелет. Парламенттин кийинки жыйынында ички иштер министри, башкы прокурордун бул маселе боюнча маалыматын угалы. Кандай негизде кармап жатышат? Анткени мындай массалык кармоолор адатка айланып баратат. Мындай болбошу керек", - деди Кожокулова.
Ага чейин депутат Сеид Атамбаев бийликти журналисттердин укугун коргоого чакырса, Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаровду медиа коомчулук менен сүйлөшүүгө барууга чакырган.
Белгилей кетсек, кечээ "Темиров лайв" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкери эки айга тергөө абагына камалды. ИИМ аларды массалык башаламандык уюштурууга чакырык жасаган деген кине менен кармаган.
Андан мурун УКМК 24.kg агенттигинин редакциясына тинтүү жүргүзгөн, анын жетекчилери сурак берүүдө.