"Асма жол курулат". Бишкектин мэри  Bartholet Swiss компаниясынын президенти менен жолугушту

Флумус шаарында Bartholet Swiss компаниясынын штаб-квартирасында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен аркан-жол тармагы боюнча дүйнө лидери Bartholet Swiss компаниясынын ээси жана президенти Роланд Бартолеттин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Бишкек шаарынын мэриясы менен Bartholet Swiss ортосунда кызматташуу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында аркан жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди.
Белгилей кетсек, бул шаардын тургундары жана коноктору үчүн заманбап жана эффективдүү транспорттук чечимдерди камсыз кыла турган шаардык инфраструктураны өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.
Бул демилге заманбап жана туруктуу шаар чөйрөсүн түзүүнүн негизги фактору болуп калат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан