Бириккен улуттар уюмунун Женевадагы кеңсесинде Кыргызстандын жаңы мамлекеттик туусу көтөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү, Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов жана Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматкерлери БУУнун Женевадагы кеңсесинде мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышкан.
"Азем БУУнун Ардактуу кароолунун катышуусунда салтанаттуу өттү. Мамлекеттик желектин жаңыланган дизайны расмий түрдө БУУнун Протоколдук кызматынын реестрине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун ажырагыс атрибуту катары киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Мамлекеттик тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам расмий 2023-жылдын 26-декабрынан тарта күчүнө кирген. Президент Садыр Жапаров аталган мыйзамга 22-декабрда кол койгон. Ага ылайык, мындан ары Кыргызстандын туусундагы түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түндүктөн ажыратылган абалда, түз тийген формада желбирейт.