Сокулукта 13 жашар кыз зордукталды делген окуя боюнча балдардын биринин апасы үн катты

Сокулукта 13 жашар секелек бир жылдай убакыттан бери 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөн делген маалымат боюнча балдардын биринин апасы SUPER.KG порталына кайрылды.

Өспүрүм кызды зордуктады делген 9 баланын биринин апасы Гүлбүбү айым (аты өзгөртүлдү) кыз тарап туура эмес маалымат таратып, жалаа жаап жаткандыгын айтты.

"Ал кыз балдар менен өз каалоосу менен жаткан экен. Бул окуялар 1-2 жыл мурда эле башталыптыр. Балдар менен таанышып, сүйлөшүп, мейманканага барууну да өзү сунуштачу экен. Балдар менен таанышканда 18-19 жаштамын дептир. Ал тургай ал мейманканага кирип баратканда да 2003-жылкы эжесинин паспортун сүрөтүн тартып алып, ошону көрсөтүп кирчү экен. Мейманканага жакшынакай эле кирип бараткандагы видеолорунан бери бар.

Маалыматта зордуктады деп айтылган 9 бала бири-бирин тааныбайт дагы экен. Ар кимиси менен өзү ар кандай жагдайда таанышкан. Кыз өзү көзүн сүзүп жатса, жаш балдар азгырылат да. Ичип, чегип, өзү көп баскан кыз экен. Жанында жүргөн курбулары да көрсөтмө берип жатат. Кызды ата-энеси да караш керек да. Эми жөн жерден биздин балдар да кесилип кетчүдөй болуп турат", - деди ал.

Ошондой эле ал башында зордуктады деп 14 бала айтылып жатканын, эми түшүнүксүз жагдайда алардын саны 9га кыскарганын кошумчалады.

Жабырлануучу тарап менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. SUPER.KG порталы экинчи тараптын дагы пикирин угууга даяр.

Эске салсак, Акыйкатчы институту 20-мартта Сокулукта 13 жашар секелек бир жылдай убакыттан бери системалуу түрдө 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөнүн маалымдаган.

Андагы маалыматка караганда, алар кызды зордуктап, эч кимге айтпа деп коркутушкан. Кыз ата-энесине айткандан коркуп, бул убакыттын ичинде ал үч жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Үстүбүздөгү жылдын январь айында кыз дайынсыз жоголуп 20 күндөн кийин гана табылган.

Жоголгон кыз табылгандан кийин балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнө кандай кордуктан өткөнүн айтып берген. Ошондо гана кыздын ата-энеси окуя тууралуу билип, милицияга арыз жазышкан. Кыздын ата-энеси акыйкатчы менен жолугуп, жашы жете элек кызынын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн.

Буга улай эле Чүй облустук милициясы бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан