Камчыбек Ташиев жаңы стадиондун курулушуна 21 миллион доллар кайдан которулганын айтты  

Коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттан 21 миллион доллар жаңы футбол стадионун курууга которулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Футбол союзунун президенти, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналистерге футбол стадионунун курулуш иштери боюнча маалымат берип жатып айтты.

"Курулуп жаткан стадионго уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизинде топтолгон каражаттан 21 миллион доллар бөлүнүп берилди. Бул каражат курулушту жүргүзүп жаткан компаниялардын эсебине түштү. Эгер булар акча керек десе дагы беребиз", - деди Ташиев.

Белгилей кетсек, 19-февралда Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланган УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте 40 миң кишиге ылайыкташкан жаңы футбол стадиону 2 жылдын ичинде бүтөрүн айткан.

Былтыр президент Садыр Жапаров Сокулук районундагы Орок айылында жаңы стадиондун курулушуна капсула салган. Стадион куруу үчүн Орок айыл аймагынан 20,78 гектар жер бөлүп берилген.

05.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан