Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиевге байланыштуу ишти кароого алып, күбөлөрдү сурай баштады. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 13-июнда SUPER.KG порталына райондук соттон ырастады.
Буга чейин 2-апрелде Биринчи май райондук сотунда анын иши каралып, сот алгач күбөлөрдөн көрсөтмө алууну токтом кылган.
Эске салсак, былтыр 27-декабрда Башкы прокуратура Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголгон.
10-январда парламент Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.
24-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, Жамгырчиевди 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Жыйында Жамгырчиев өз каалоосу менен мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы маалым болгон.
Экс-депутаттын баш коргоо чарасы ошол эле күнү өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулган.