"Жолдо калып жатышат". Окурман май куюучу жайларда автогаз жетишсиз болуп жатканын айтты

Бүгүн, 9-июлда Бишкек шаарынын тургуну, таксист Токтобек Бапышов SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө борбордогу май куюучу жайларда автогаз жетишсиз болуп жатканын айтып кайрылды.

"Он күндөн бери борбор шаардын жана аймактардын май куюучу жайларында автогаз тартыш болууда. 3-июль күнү "Кыргызнефтетрейдерлер" ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов автогаз жетиштүү болорун билдирген эле. Бирок бул күнгө чейин автогаз таңкыстыгы жаралып келет.

Айдоочулар унаасынын газы түгөнүп, жолдо калганын айтып жатышат. Ош, Ысык-Көл, Балыкчы жана Токтогулда автогаз жокко эсе", - дейт ал.

Ошондой эле тиешелүү тараптар бул маселеге көңүл буруп, газ жок боло турган болсо алдын ала эскертип коюу керектигин кошумчалады.

"Өзүм таксист болуп иштейм, түндө Оштон келдим. Канчалаган унаалар жолдо газы жок калганын көрдүм.

Бишкек боюнча бир эле жерде, тагыраагы, аэропортко бараткан жолдогу май куюучу жайда автогаз бар экен. Ал жактан да эки сааттай кезекке туруп алдык", - деди Бапышов.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан