Бангладештеги башаламандык 56 жарандын өмүрүн алды

Бангладеште уланып жаткан козголоңчулар парламенттин имаратын басып алды. Кеминде 56 жаран каза болгон. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, нааразылык акциясынын катышуучулары бийлик алмашмашканча башаламандык уланарын билдиришти.

"Биз реформация жүрүшүн каалайбыз. Коррупцияга жол жок. Бийлик бутактарындагы мурунку башчылар эми болбойт. Туура чечим кабыл алып, таза шайлоо өткөрөбүз", - дешкен демонстранттар басылмаларга.

Айта кетсек, Бангладештин премьер-министри Шейх Хасина нааразылык акцияларынан кийин кызматынан кетип, өлкөдөн чыгып кеткен. Айрым чет элдик ММКлар аскер тик учагы менен Индияга барганын жазышкан.

Июль айында студенттер Шейх Хасинанын бийликтен кетишин талап кылып акцияга чыгышкан. Ага 2018-жылы жокко чыгарылган жумуш квотасы боюнча система кайра калыбына келтирилиши түрткү болгон.

Өкмөт башаламандыктарды басуу үчүн коменданттык саат киргизип, катаал чараларды көргөн.

Бангладеште студенттер парламенттин имаратын басып алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан