"Асынып алган". Казакстанда дагы бир аскер кызматкеринин жансыз денеси табылды  

Казакстандын Абай облусунда аскер кызматкеринин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалыматта, 19-сентябрда Аягөз гарнизонунун аскер бөлүктөрүнүн биринин кызматкеринин жансыз денеси кызматтан тышкаркы убакта жашаган жериндеги батирден табылганы айтылат. Алдын ала маалыматтар боюнча, жоокер асынып алган.

Анын себептери жана жагдайлары такталууда. Аскер кызматкеринин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Коргоо министри Руслан Жакшылыков өздүк курам менен иштөөдөгү кемчиликтери үчүн генералдарды жана аскер кызматкерлерин урушуп жаткан видеосу тараган.

Эске салсак, 7-сентябрда Маңгыстау облусундагы аскер полигонунда жаш жоокер лейтенант аткан октон каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан