Бишкек шаарында жашы жете элек 1 бала жана 2 кыз изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалымдагандай, кечээ, 29-сентябрь күнү милиция С.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2018-жылы туулган Эламан Султанов, 2012-жылы туулган Арууке Султанова жана 2009-жылы туулган Елена Стреловская Толстой көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен чыгып кетишкен боюнча кайтып келишпегенин айткан.
Милиция дайынсыз жоголгон балдарды көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0(700) 102-738 жана 102 кыска номуру.