Бүгүн, 12-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоору кабыл алынса, китепчелерди жана баракчаларды таратууга, диний агымдарды жайылтуу максатында диний багыттагы объекттерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат. Буга депутат Жалолидин Нурбаев каршы пикирин билдирип, даават боюнча өзгөртүүлөрдү кайра карап чыгуу керектигин айтты.
"Даават - бул жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу. Бул мыйзам долбоорунда дааваттын эң негизги өзөгү болгон "гашты" (үйлөрдү кыдыруу) алып коюу сунушу бар. 25-30 жыл мурда уурулук, ичкилик, зордук-зомбулук өңдүү жаман жоруктар өтө көбөйүп кеткен эле. Бирок ушул мээнеттин артынан дин тарап, ошол кездегилер динге келишти. Эң негизгиси аймактарга бөлүнүү жоюлду. Биз бүгүн гашты токтотуп койсок, 10-15 жылдан кийин балдарыбыз кандай болот, билбейм", - деди Нурбаев.
Аталган мыйзам долбоору тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов маалымат берди. Анын айтымында, документте чет өлкөлүк диний билим алуу процессин жөнгө салуу сунушталууда. Мындан сырткары чет өлкөдөгү деструктивдүү диний окуунун таасиринин алдын алуу жана ага жол бербөө, ошондой эле билим алуучулардын статистикасын жүргүзүү максатында чет өлкөдө диний билим алууну каалаган адамдар өздөрүнүн өлкөдөн чыгуусун Дин комиссиясы жана тиешелүү диний уюмдун борбордук башкаруу органы менен макулдашуусу керек. Жогорудагы талаптарды аткарбаган учурда, билим алуучунун диний окууну аяктагандыгын тастыктаган документ Кыргызстандын аймагында жараксыз деп эсептелет.
Мындан сырткары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт. Мечит, медреселер жана башка диний мекемелер сөзсүз каттоодон өтүшү керек. Мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда кызматтык иштерге байланыштуу кийимдерди кошпогондо адамдын жүзүн таанууга тоскоол болгон кийимдер (бет кап, паранжа, никаб өңдүү) менен жүрүүгө тыюу салынат.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 30-августта “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. Бул документ коомчулукта кызуу талкуу жаратып, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, алар кайра иштеп чыкты.