Узап бара жаткан 2024-балык жылында үй-бүлө куруп, турмуш жолуна аттанган жылдыздарды SUPER.KG порталы тизмектеди. Алардын катарында ырчы, актёр жана башка чыгармачыл адамдар бар. Жан шеригин таап, бирге түтүн булатып, чачыбыз бир жаздыкта агарсын деген аруу тилек менен баш кошкон түгөйлөр тууралуу баяныбызды баштайбыз.
Бул жылы бир башын эки кылган жылдыздардын азырынча эң акыркысы "Акыркы сабак", "Агай" сериалдарында жана бир нече тасмаларда баш каармандын ролун жараткан Бактияр Шаршенбаев болду. Ал үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында өзүнүн сүйүктүүсүнө баш кошуп, жагымдуу жаңылыгы менен бөлүшкөн.
Балык жылында үй-бүлө курууну чечкен жылдыздардын катарында алып баруучу Эркин Нурбаев дагы бар. Ал 9-ноябрда Бишкектеги ресторандардын биринде той берип, Назик аттуу кызга бош кошту.
2023-жылдын сентябрь айында бир нече кинолордо башкы ролдорду жараткан актёр, вайнер Азамат Уланов үйлөндү. Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бойдокчулук менен коштошконун сүйүнчүлөп, сүрөт жүктөгөн.
Ал эми жылдын башталышында өзүнүн теңин көптөн бери издеп жүргөн Канат Шабданбеков үй-бүлө куруп, бойдокчулук менен кош айтышты. Ал Нургүл аттуу кызга бош кошуп, өзүнүн айылында жана Бишкек шаарында той берген.
Кош жылдыздар Айгерим Эшим менен Эльзар Тиленбаевдин үйлөнүү үлпөт тою ушул жылдын июль айында болуп өттү. 30-июнда Эльзар Тиленбаев сүйүктүүсү Айгерим Эшимдин колун сурап, көпчүлүктү кызыктырган мамилесин ачыкташкан.
Балык жылы жалгыз айымдар үчүн дагы үй-бүлө куруу жагынан ийгиликтүү болду десек болот. Айтсак, бул жылы бир нече жылдыз айымдар турмуш жолуна аттанды. Алардын катарында актриса, модель Мээрим Атантаева дагы бар. Ал сентябрь айында турмушка чыга турганын сүйүнчүлөп, жолдошу менен түшкөн сүрөтүн бөлүштү.
Ошондой эле белгилүү алыпбаруучу Айзада Жамгырчиева да ушул жылы турмуш жолуна аттанды. Анын сөйкө салуу аземи 13-апрелде Таласта болгон. Ал эми сүйүктүүсү 19-апрелде Чикагодон колун сураган.
Ушул жылдын март айында “4 GIRLS” тобунун бийчиси Элиза Жээнмырзаева (Элька) Адил Мырзаев аттуу спортчу балага турмушка чыкты.
Ал эми жылдын алгачкы айында ырчы Айпери Кубик кызы турмушка чыкканын айтып, нике күбөлүгү менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган.
Кыргыз, казак элин бириктирген той дагы ушул жылы болду. Айтсак, ырчы Аида Багышбекова ноябрь айында казак жигити Нурдаулет Төлөпбергенге турмушка чыкты.
Эки улуттун башын бириктирген тойго актриса Айпери Чотонова да кошулду. Ал сентябрь айында дунган улутундагы жигитке турмушка чыкты. Актриса айым кыз узатуу, үйлөнүү тойдогу көз ирмемдерин Инстаграм баракчасында бөлүштү.
Бул жылы бош кошуп, бир башын эки кылган жылдыздардын "өмүрүбүздүн акырына чейин бирге, бактылуу бололу" деген аруу тилектери орундалсын!