Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо бөлүмүнүн башчысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов жана анын жардамчысы Москванын Рязанск проспектинде болгон жардырууда каза болду. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, жардыруучу зат самокатта орнотулган. Ал генерал жашаган көп кабаттуу үйдүн короосунда токтоп турган.
Учурда адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугу айтылды. Ошондой эле кырсык болгон жерде тергөөчүлөр, криминологдор жана ыкчам кызматтар иштеп жатат. Кылмыштын бардык жагдайлары аныкталып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.