Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагалыгына Адылбек Касымалиевдин, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына Данияр Амангелдиевдин, экономика жана коммерция министрине Бакыт Сыдыковдун талапкерлиги каралып жатат.
Жыйында депутат Дастан Бекешев жаңы салыктык талаптар боюнча коочулукта нааразычылыктар бар экенин белгиледи.
"Салык реформасы жакшы эле болуп жатып, тилекке каршы, бир топ нааразычылыктар пайда болду. Ошол эле электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТН) жөнөкөй ишкерден биз талап кылбасак. Салыкта өзгөртүүлөр болобу же болбойбу", - деп Касымалиевден сурады.
Касымалиевдин айтымында, алдыда жумушчу топ түзүлүп, аталган маселени карап чыгат.
"Жумушчу топ түзүп, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ), электрондук эсеп-фактурасы (ЭСФ) маселелерин дагы бир сыйра карап чыгабыз. Биз булардан баш тартпайбыз. Бирок жеңилдетүү маселесин карап чыгабыз", - деп жооп берди ал.
Ошондой эле эл өкүлү борбордо жол тыгыны көйгөйүн айтып, кандай реформа жүргүзүлөрүнө кызыкты.
"Бул дагы көйгөйлүү маселелердин бири. Азыр көйгөйдүн так чечимин айта албайм. Бирок бул маселе дагы көңүлдө болот. Мэр менен (ред.: Айбек Жунушалиев) бул маселени чогуу карап көрөбүз", - деди Касымалиев.