Кубанычтуу кабар! Актаудагы учак кырсыгынан оор жаракат алган Ринат Асанов эсине келди (видео)

Казакстандын Актау шаарында учак кырсыгынан оор жаракат алган 20 жаштагы Ринат Асанов эсине келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, 28-декабрда анын бир туугандары, ӨКМдин куткаруучулары, медициналык кызматкерлери бейтаптар жаткан ооруканага барышкан. Анда медиктер калган эки жарандын абалы туруктуу экенин, бирок көзөмөл керектигин билдирген.

Кыргызстандын жарандарын жаңы жылга чейин мекенге алып келүү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстандын жарандарын өлкөгө алып келүүгө учак даяр экенин билдирген.

Эскерте кетсек, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта ​​кулап түшкөн. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Анын ичинен 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.

Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган. Кыргызстандык жарандардын баары кыйроодон аман калышкан.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан