Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийин Иран Сириядагы аскерлеринин көбүн чыгарып кеткенин The Wall Street Journal жазып чыкты.
Макалада Иран Сириядагы козголоңчулардын 11 күндүк чабуулу учурунда эле аскерлерин чыгарып кете баштаганы айтылат. Басылма ноябрь айында козголоңчулар бийликке каршы чабуулун баштаганда Тегеран Иран менен Израилдин жаңжалында четте калган Асадга нааразы болгонун белгилейт. Ошондой эле ЖМК Сирия мурда Ирандын Жакынкы Чыгыштагы негизги мамлекеттик өнөктөшү жана Хезболла кыймылына аскердик жүктөрү жеткирүү үчүн кургактыктагы негизги коридору болгонун белгилеп, учурда Дамасктагы жаңы өкмөт Тегеранды башкы коркунуч катары карай турганын баяндайт. WSJ'нын маалыматына караганда, Иран 2011-жылдан бери Асаддын режимин колдоо үчүн миллиарддаган доллар сарптаган жана миңдеген аскерлерин жөнөткөн.
Мындан тышкары басылма Батыш жана араб өлкөлөрүнүн расмийлериндеги булактары бийлик алмашканда Хезболла кыймылынын жоочулары Ливанга качканын, ал эми оогандык, ирактык, сириялык согушкерлер Ирак тарапка чыгып кеткенин жазат.
Белгилей кетсек, Сириядагы козголоңчулар 8-декабрда Асад бийликтен кулатылганын, Дамаск алынганын жарыялашкан. Бир нече күндөн кийин өлкөдө жаңы өкмөт түзүлүп, анын Мохаммед аль-Башир жетектөөгө алган. Ал 2025-жылдын 1-мартына чейин өлкөнүн өткөөл өкмөтүнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Асад өзү Сириядан Орусияга чыгып кеткен. Болуп өткөн окуялардан кийин Асаддын бийлигине колдоо көрсөтүп келген Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи Сириядагы аскердик төңкөрүшкө АКШ менен Израилди айыптап, бул ишке Түркиянын тиешеси дагы бар экенин кыйыткан. Ал ошондой эле Асаддын өкмөтүнө алдыдагы коркунучтар тууралуу үч ай бою эскертип келгенин билдирген.