Кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекованын үлпөт тою Бишкектеги ресторандардын биринде өтүүдө. Спортчу айым бүгүн, 15-январда бул күндү "День Х" деп атап, негизги кечесиндеги видеолор менен социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү. Айсулуу Бакберген аттуу Таластын уулуна турмушка чыккан.
Белгилей кетсек, буга чейин спортчу айым өзүнүн социалдык баракчасына жолдошу менен түшкөн сүрөтүн чыгарган. Анда алар үлпөт тойго кызуу даярдык көрүп жатканын айтышкан.