Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо бөлүмүнүн башчысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов жана анын жардамчысынын өлүмүнө шектүү дагы бир жаран кармалды. Бул туурасында орус басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, шаардык сот кармалган Батухан Точиевди 17-февралга чейин камакта калтырды.
Айта кетсек, 17-декабрда Орусиянын борборунда сомакатка коюлган бомба жарылып, анын кесепетинен генерал жардамчысы менен каза болгон. Ага шектелип 29 жаштагы Өзбекстандын жараны Ахмад Курбанов кармалган эле.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, экинчи шектүү Рамазан Падиев менен Точиев мейманканадан Курбановго атайын бөлмө алып даярдык көргөн. Жана Украина тарабынан которулган акча каражаттарды көзөмөлдөп турушкандыгы маалыматта кошумчаланган.