Төө-Ашуудагы абал: Оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди (видео)

Бүгүн, 22-январда Сосновка постунда саат 06:20дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап, бороон болууда. Аймакты караган №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери тынымсыз уланууда. Ушундай эле кырдаал Өтмөк ашуусунда орун алып, №36 жол ишканасы кызматкерлери тарабынан жол тазаланып жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет кызматы 22-23-январь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөрүн эскерткен.
22.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан