SUPER.KG порталынын "Пайдалуу кеңеш" түрмөгүндө бул жолу өрүк дарагын бутоо тууралуу сөз кылабыз.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, өрүк "букеттик" бутактар жана бир жылдык бутактарында мөмө байлайт. Жаш дарактар шагы түзүлгөндөн кийин азырак буталат. Ал эми жыл өткөн сайын кыркуу көбөйтүлөт.
Бул даракты бутоо тартиби кара өрүктүкүнө окшош. Өрүктү жайында кыркуу чоң мааниге ээ. Анын үч жагындагы бир жылдык бүчүрлөр кыскартылат. Бул бир кыйла кийинки мөөнөттө бутакчалардын экинчи өсүшүн пайда кылат, ошондой эле анда мөмө берүүчү бүчүрлөр түптөнө баштайт.
"Экинчи жолу өсүп чыккан бүчүрлөрдү пайда болгон бүчүргө караганда кышкы суукка жакшы чыдай тургандыгын тажрыйба көрсөттү. Себеби алар кышка жакшы абалда кирет да жазында бир кыйла кеч ачылат. Кышы суугураак келген райондордо өрүктөрдү жайында бутоо бир кыйла туруктуу жемиш берет" дейт айыл чарба адиси.