Бишкектен Вьетнамга түз аба каттамы ачылды

Бүгүн, 27-февралдан тарта Бишкек–Нячанг–Бишкек багыты боюнча түз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэпропортунун директору Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Билдирүүгө ылайык, каттам жумасына үч жолу «Аэрономад» авиакомпаниясы тарабынан аткарылат.
"Бул Кыргызстан үчүн маанилүү окуя, анткени Нячанг биздин борбор шаардан түз каттам менен каттаган биринчи эл аралык багыт болуп саналат.
Бул каттам туристтер жана ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, Вьетнам менен байланыштарды чыңдайт жана өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Биз авиация инфраструктурасын өнүктүрүү жана эл аралык маршруттарды кеңейтүү боюнча ишибизди улантуудабыз жана 2025-жылы дагы бир нече жаңы багыттарды ачуу пландарыбыз бар" деп жазды Самидинов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан