Бет капчан адам жол кырсыгына кабылган кыргыз келинине жардам берди (видео)

Социалдык тармактарда өзүнүн кайрымдуулук иштери менен таанымал болгон "Бет капчан киши" деген лакап ат менен белгилүү адам жол кырсыгына кабылган кыргыз келинине жардам берди. Ал кезектеги кайрымдуулугу тууралуу видеону социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Анда айтылгандай, Айжаркын үч баланы жалгыз тарбиялап келет. Ижарага унаа алып, такси кызматында иштеп жатканда балдары менен жол кырсыгына кабылган.

"Үч балам бар. Аларды жалгыз тарбиялап келем. Жакында такси кызматында иштеп жатып, балдарым менен жол кырсыгына кабылып калдым. Унааны ижарага алгам. Кырсыктан эң көп улуу кызым жабыркады" дейт ал.

Ошондой эле ал жеке азык-түлүк дүкөнүн ачуу кыялы бар экенин айткан. "Бет капчан киши" ага батирдин ачкычын тапшырган.

27.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан