Бишкек шаарында «Полибетон» ААКсынын кондитердик фабрикасынын курулушу улантылууда. Бүгүн, 27-февралда Ленин администрациянын өкүлдөрү ишканага барып, курулуштун жүрүшү менен таанышты.
Мэрия билдиргендей, бүгүнкү күндө объектинин курулуш иштери 95 пайызы бүткөрүлдү. Фабрикага өндүрүштүк жабдуулардын жана өнөр жай эмеректеринин биринчи партиясы жеткирилди.
Белгилей кетсек, толук өндүрүштүк кубаттуулукка жетүү менен кондитердик фабрика суткасына 20 тоннага чейин даяр ун азыктарын чыгара алат.
Ишкананын кызматкерлерине ыңгайлуу шарттар түзүлүп, 150 адам жумуш менен камсыз болот. Учурда фабриканы көрктөндүрүү жана техникаларды сыноо иштери жүрүп жатат.