Эртең, 1-мартта түнкүсүн Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады.
Ал эми күндүзү Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын күтүлөт.
Маалыматка караганда, Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +2 ... +7;
Талас жергесинде түнкүсүн -6…-11, күндүз +2... +7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4 ... +1, күндүз +6 ... +11;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2 ... -7, күндүз +2 ... +7;
Нарын дубанында түнкүсүн -3 ... -8, күндүз -1 ... +4;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаайт. Абанын температурасы -1 ... -3 суук, күндүз +3 ... +5 градус болот.