Режиссёр жана актриса Ырыс Жоомартова көз жумду

Режиссёр жана актриса Ырыс Жоомартова 60 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Музыка каналы анын жакын санаалаштарына таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, ал Москвада дарыланып жүргөн.

Белгилей кетсек, Ырыс Жоомартова "Шаардык келин Шарапат", "Айылдык келин Алёнка", "Сүйүнчү, чоң апам эгиз төрөйт" жана башка тасмаларга режиссёрлук кылган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты актрисанын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2025-03-01 15:44:00
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун Эжем
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан