Вашингтондо АКШ менен Украина президенттеринин жолугушуусу өттү. Анда Дональд Трамп менен Владимир Зеленский журналисттердин суроолоруна жооп берип, ачык жыйын менен баштаган. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Трамп бир нече багыттарга токтолду:
- Орусия менен Украинанын ортосундагы чыр-чатакты токтотууга убакыт келди. Путин муну каалайт;
- ️АКШ Украинага көп курал жибергиси келбейт, Вашингтон жаңжалдын токтошун каалайт;
- АКШ адам өмүрүн сактап калуу жана көп акчаны үнөмдөө үчүн жаңжалды токтотууну каалайт, бирок экинчиси анчалык деле маанилүү эмес;
- Украинада чоң көйгөй жаралды жана да Орусия менен болгон жаңжалда жеңишке жетпей жатат;
- ️Киев Орусия менен тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселесинде компромисске барышы керек болот;
- Трамп Зеленскийге: "Сиз бизге чыр-чатакка байланыштуу кандай сезимде болуу керек экенин айтууга укугуңуз жок, биз аны чечүүгө аракет кылып жатабыз".
- "Сиз АКШга жана өлкөңүздү сактап калууга аракет кылып жаткан президентке рахмат айтышыңыз керек."
- “Сиздерде аскерлер калбай бара жатат. Укринадагы кырдаалда ошолор гана туруштук берди”.
Белгилей кетсек, бир нече убакытка созулган журналисттердин катышуусундагы жыйын эки лидердин кызуу талаш-тартышы менен жыйынтыкталды. Андан соң жабык эшик артында жолугушуу мөөнөтүнөн мурда үзгүлтүккө учурады. Ак үйдүн маалымат кызматы Украинанын жер казынасы боюнча алкактык келишимге кол коюлбагандыгын билдирди.