Вашингтондогу АКШ менен Украина президенттеринин жолугушуусунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Дональд Трамп Орусия менен Украинанын кайсынысына "жакын" экендигин билдирди.
Журналисттердин бири Польшанын айрым тургундары Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинге жан тартып жаткандыгын билдиргенин айткан. Ал бул кептер канчалык деңгээлде чындыкка дал келе тургандыгына кызыкты.
"Эгерде мен экөөнө тең жакын болбогондо бул сүйлөшүүлөр болмок эмес. Тынчтык келишимине келүү боюнча кызматташуу да болмок эмес. Азыр мен журналисттерге Путин жөнүндө жаман сөз айтып, анан ага чалып “Кандайсың? Тынчтык келишими кандай жүрүп жатат?”, деп байланышканым туура эмес. Мындай болбойт. Мен АКШга жакынмын, биз тынчтыкты каалайбыз. Дүйнө өлкөлөрүнө жакынмын. Мен тынчтык келишими эртерээк ишке ашсын деген гана оюм бар.
Зеленский азыр Путинди жек көргөнүн айтып жатат. Ал эми Орусия да Зеленскийди жактырып жаткан жери жок.
Мен Европага да жакынмын. Менин катаал болушумду каалайсыңарбы? Мен аны да жасай алам. Эч бир учурда болуп көрбөгөндөй катаалдыкты көрсөтө алам. Бирок мындай учурда Орусия менен Украина тынчтык келишимине келе албай калат", - деп жыйынтыктаган Трамп өз сөзүн.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШ менен Украина президенттеринин Вашингтондогу жолугушуусу ийгиликсиз аяктаганы айтылган.