
Орусиянын борбору Москвадан ата-энесинин камкордугусуз калган үч наристе Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, баларды алып келүүнү аталган министрлик, Саламаттык сактоо министрлиги жана Россиядагы элчилиги менен биргеликте ишке ашырган.
"Эми балдардын үй-бүлөсүн таап, алардын абалына баа берилмекчи. Бул процесс социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоону камтыйт", - деп белгиленген маалыматта.
2011-жылдан бери кароосуз калган 178 бала мекенине кайтарылгандыгы маалыматта кошумчаланган.