Трамп Украинага курал-жарак жеткирүүнү токтотуу мүмкүнчүлүгүн издөөгө буйрук берди

АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский менен болгон пикир келишпестиктен кийин улуттук коопсуздук аппаратынын кызматкерлерине Вашингтон Украинага курал-жарак берүүнү убактылуу же толугу менен токтото алар-албасын текшерүүнү буйруду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Буга чейин Washington Post гезити Трамптын администрациясы Ак үйдө Владимир Зеленский менен чатакташкандан кийин Украинага учурдагы бардык аскердик жардамды токтотууну карап жатканын жазган.

Трамптын кеңешчиси америкалык лидер Зеленскийдин мындан аркы аракеттерин күтүүнү пландаштырып жаткандыгын айткан.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ менен Украина президенттеринин Вашингтондогу жолугушуусу ийгиликсиз аяктаганы айтылган. Андан соң Дональд Трамп менен Зеленский социалдык баракчаларына жолугушуу боюнча өз ойлорун калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан