Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин учагы Лондонго баратканын FlightAware ресурсуна шилтеме берип чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, АКШнын “Joint Base Andrews” аэропортунан Лондондун “Стэнстед” аба майданына чейинки жолдун убактысы 6 саат 48 мүнөттү түзөт.
Айта кетсек, буга чейин Зеленскийдин Улуу Британияга бара турган иш сапары боюнча айтылган эмес.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШ менен Украина президенттеринин Вашингтондогу жолугушуусу ийгиликсиз аяктаганы айтылган. Андан соң Дональд Трамп менен Зеленский социалдык баракчаларына жолугушуу боюнча өз ойлорун калтырган.