"Салмагы 7 килограмм". Өзбекстанда алп наристе жарык дүйнөгө келди

Өзбекстандын Ташкент облусунда 7 килограмм 3 грамм салмактагы алп кыз төрөлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, учурда эне-бала дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баланын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Апасы кесарево жолу менен төрөгөн жана бул анын төртүнчү баласы экендиги маалыматта кошумчаланган.

Белгиленгендей, өткөн жылдын ноябрь айында Өзбестандын Нурафшан шаарында салмагы 7 килограммга жетпеген эркек бала төрөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан